БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кара-Сууда "Кадастрдын" мурдагы башчысы пара берүүгө шектелип кармалды

Кара-Сууда "Кадастрдын" мурдагы башчысы пара берүүгө шектелип кармалды

УКМК тараткан сүрөт

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 19-сентябрдагы маалыматына караганда, шектүү кызмат абалынан кыянат пайдаланууга шектелүүдө.

Мекеме ал жетекчи болуп турганда кызыкдар адамдар менен тил табышып, Кара-Суу районунун Датка айыл аймагынын Ачы массивинин (мурда Шарк) башкы планына өзгөртүүлөрдү киргизгенин белгилейт. Ошондой эле социалдык объекттерди куруу үчүн арналган жер тилкелерин мыйзамсыз бергендиги аныкталган. Мындан улам ал кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу үчүн УКМК нын кызматкерине 15 миң доллар пара сунуштаган. 

Кармалган жаран УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей