БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жоомарт Карабаев абактан кат жазып, кысымга кабылганын айтты

Жоомарт Карабаев абактан кат жазып, кысымга кабылганын айтты

Сүрөт: Кылым шамы

Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөөчүсү тарабынан кысымга кабылып жатканын айтып, президентке кайрылды. Анын билдирүүсүн укук коргоочу Азиза Абдирасулова "Фейсбуктагы" баракчасына 18-сентябрда жарыялады.

Катта Карабаев мындан ары ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч жараларын жазган. Президенттен өзүнө карата куугунтукту жана мыйзамсыз козголгон кылмыш ишин көзөмөлгө алууну суранган. 

УКМК бул боюнча комментарий бере элек. 

Атайын кызмат Жоомарт Карабаевди 2-июлда суракка алган соң кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин "Массалык башаламандыктар" беренеси менен айып коюлууда. Ага чейин ал Улуттук илимдер академиясынын адистери кылмыш иштери боюнча экспертизаларды УКМКнын, Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин көрсөтмөсү менен жазарын айтып чыккан. Экспертизаны тиешелүү сертификаттары жок кызматкерлер жасай турганын билдирген. 

Карабаев "Фейсбукка" бийликти сындаган пикирлерин жазып жаткан. Анын айткандарына атайын кызмат жана башка бийлик органдары комментарий берген эмес.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей