БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Караколдо аскер кызматкери зомбулук тууралуу айтып чыкты. УКМК окуяны текшерүүдө

Караколдо аскер кызматкери зомбулук тууралуу айтып чыкты. УКМК окуяны текшерүүдө

Видеодон скриншот

Каракол шаарындагы №2028 аскер бөлүгүнүн кызматкери, өзүн кенже сержант Жылдыз Асанакунова деп тааныштырган жаран жоокерлерди уруп-согуу, ден соолугуна залал келтирүү, кодулоо, аларга делген азык-түлүктүн сапаты тууралуу айтып, өлкө жетекчилигине кайрылды. Анын билдирүүсү 6-февралда интернет айдыңында тараган.

Асанакунова аскер бөлүктүн ашканасына жоокерлерге деп алынып келинген азык-түлүктүн сапаты начар экенин айтып, өлгөн малдын эти колдонуларын айтат.

"Жоокерлерге зордук-зомбулук көрсөтүлүп, алардын колу-буту сынып, көзү кыйшайып калган учурлар бар. Ачык жана жабык сыныктар бар. Жаап-жашыруу болуп, аны ачык айтып чыккан мени аскер бөлүктүн командири оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, жеке жашоомо чейин кийлигишүү болууда. Мен бул тууралуу Бишкек шаарына чейин барып, жогорку кызматтагы аскер адамдарына айткам, бирок бул жерде "карга карганын көзүн чукубайт" болууда", -деген ал.

Ал эми УКМКга караштуу Чек ара кызматы кенже сержанттын сөздөрү боюнча бүгүн, 7-февралда түшүндүрмө берди. Маалыматка караганда, бул боюнча Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчилиги жана тиешелүү мекемелер иликтөө жүргүзгөн. Анда Жылдыз Асанакунова "прапорщик" чинин алуу менен дарыкананын башчысы кызматына ат салышканы, бирок анын үй-бүлөлүк шартын эске алуу менен бул кызматка дайындоодон баш тартылганы аныкталган.

 "Дарыкана башчысы кызмат ордундагы аскер кызматчы ден соолугуна таасир тийгизиши мүмкүн болгон бийик тоолуу аймактарда жайгашкан аскер тарамдарга ар дайым чыгып туруусу шарт.  Ал эми Асанакунова өзү жалгыз жашы жетиле элек үч баланы тарбиялайт. Мындан улам аны бул кызматка дайындоо мүмкүн эместиги өзүнө жеткирилген. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында 2028 аскер бөлүгүнө "өлүк малдын" эти жана башка сапатсыз азык-түлүктөр алынып келет деген маалымат тастыкталган эмес. Азык-түлүктөрдүн сатып алынышы боюнча маалымдасак, бардыгы "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" КР Мыйзамынын чегинде сынактык соодалашуу (тендер) аркылуу сатып алынган. Тез бузулуучу эт, май, колбаса, сыр, жумуртка сыяктуу азыктарды жергиликтүү камсыздоочулар арасынан тандоо менен жүргөн. Сатып алынган азык-түлүк алынып келгенде комиссия курамы тарабынан сапаты жана жарактуу мөөнөтүү текшерилет", -дейт мекеме. 

Мындан тышкары мекеме аскерлер менен сүйлөшүүлөр болуп, денелери кароого алынганын жана анонимдүү сурамжылоо жүргүзүлгөнүн кошумчалады. Аларды текшерүүдө зордук-зомбулуктун белгилери аныкталган эмес. Ошондой эле объективдүү иликтөөлөр жүргүзүлүшү үчүн 3-февралда кенже сержант Жылдыз Асанакунова Чек ара кызматынын жетекчилиги менен маектешүүгө чакырылган. Учурда аскер бөлүктө УКМК жана Аскердик прокуратура тарабынан текшерүүлөр жүргүзүлүүдө. Алардын жыйынтыгы тууралуу кийинчерээк кошумча маалымат берилери айтылды. 

Кыргызстанда жоокерлерди уруп-сабаган окуялар буга чейин да болгон. Алардын айрымдары өлүм менен аяктаган да учурлар катталган. "Т-Медианын" дата-бөлүмү Аскер прокуратурасы берген сандарга анализ жасап, акыркы беш жылда Кыргызстандын армиясында 96 жоокер зомбулукка кабылганын аныктаган. Эң көп учур 2019-жылы орун алган. 

Ал эми ачык булактардан чогулткан маалыматка ылайык, акыркы беш жыл ичинде аскердик кызматын өтөп жаткан уландар кабылган зомбулуктун сегиз учуру катталган. Андан бери дегенде 22 жоокер жабыркаган. Зомбулуктун дээрлик бардык түрү аскер бөлүктүн кызматкерлери тарабынан жасалган. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей