БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Караколдо аскер бөлүктүн үч кызматкери кармалды
Караколдогу №2028 аскер бөлүгүнүн кенже сержанты Жылдыз Асанакунованын кайрылуусунан кийин аскер бөлүктүн командири А.Б, анын орун басары Б.К, прапорщик К.К жана жеке ишкер Т.Е камакка алынды. Бул тууралуу 19-февралда Башкы прокуратура билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, текшерүүдө Асанакунованын кайрылуусундагы беш дооматы боюнча мыйзам бузуу фактылары аныкталган. Ага ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" "Кызматтык жасалмачылык", "Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу, коротуу" жана "Ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү" беренелери менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери уланууда, кылмышка тиешеси бар башка адамдар такталып жатканы айтылды.
Караколдогу №2028 аскер бөлүгүнүн кызматкери Жылдыз Асанакунова 6-февралда социалдык тармак аркылуу президентке кайрылуу жолдогон. Беш мүнөттүк видео кайрылуусунда аскердеги зомбулук, тамак-аштын сапаты боюнча бир топ көйгөйлөрдү айткан.
УКМК жана Чек ара кызматы Асанакунованын аскер бөлүгүндөгү зомбулук жана ал жердеги начар шарттар тууралуу маалыматы тастыкталбаганын билдирген.
Автор: Осмонова Айдана > 795 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat