БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Катар Азия кубогунун ээси болду

Катар Азия кубогунун ээси болду

Сүрөт: "Азаттык"

Катардын футбол боюнча курама командасы Азия кубогунун финалдык беттешинде Иордания курамасын 3:1 эсебинде жеңип, чемпион болду.

Финалдык оюнда Катардын футболчусу Акрам Афиф үч голду (22-73-95-мүнөттөрдө) пенальтиден киргизсе, иорданиялыктардан Язан Аль-Наймат (67-мүнөттө) бир гол киргизди.

Катар курамасы бул мелдеште атаандаштарынын дарбазасына 14 гол киргизип, мелдештеги бардык беттештерин утту. Чабуулчусу Акрам Афиф сегиз голу менен Азия Кубогунун мыкты чабуулчусу болду. Катардын дарбазачысы Мешаал Баршам мелдештин "мыкты дарбазачысы" деп табылды. 

Катар 2019-жылы болгон Азия Кубогунда чемпион болгон. Азия кубогу төрт жылда бир болот. Кийинкиси  Сауд Арабияда 2027-жылы өтөт. 

Автор: Осмонова Айдана > 603 статей