БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош: жер сатууга айыпталган мурдагы айыл өкмөт башчы жоопкерчиликке тартылган эмес

Ош: жер сатууга айыпталган мурдагы айыл өкмөт башчы жоопкерчиликке тартылган эмес

Сүрөт: t-media

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Кантөрө Жантөрөев мыйзамсыз токтом чыгарып, айыл тургунуна жер тилке берип жиберген. Бул боюнча мамлекетке 395 миң сом зыян келтирилгени аныкталып, кылмыш иши козголгонун райондук прокуратуранын прокурору Алмазбек Сабырбеков "Т-Медиага" билдирди. Бирок Жантөрөев жоопкерчиликтен бошотулган. 


Кантөрө Жантөрөев Жамила Байзакова аттуу жаранга токтом жасаткан деп айыпталат. Ал документ 2017-жылы апрелде жасалган. Бирок токтомдо 2011-жылдын апрель айы көрсөтүлгөн. Жантөрөев айыбын сотто да моюндаганын айтат. 

"Моюнума алганмын, бирок ал мыйзамсыз эмес. Болгону токтом чыкканда катталбай калган".

Кара-Суу райондук сотунда райондук прокуратура кылмыш ишти кыскартууга каршы болгон эмес.  Алмазбек Сабырбеков анын себебин кылмыштын мөөнөтү өткөндүгү менен түшүндүрдү. Кылмыш үчүн жазага тартуу мөөнөтү анча оор эмес учурда үч жылды түзөт. Ал эми бул жагдайда арадан алты жыл өткөн.

"Кылмыш иштин мөөнөтү өтүп кеткедиктен кыскартылган. Кыскартылган кылмыш иш мыйзамдуу жана негиздүү деп эсептейбиз", -деди прокурор Алмазбек Сабырбеков.

Алмазбек Сабырбеков айыл өкмөттөргө пландуу текшерүүлөр жүргүзүлбөй, качан гана арыз түшкөндө каралышы мүмкүн дейт. 

 

Юристтер эмне дейт? 

Юрист Кутман Медетбековдун сөзүнө караганда, маселе кылмыштын мөөнөтүндө эмес. Анын айтымында, текшерүү жүргүзүүчү органдар өз учурунда милдеттерин так аткарбагандыктан кылмыш жасагандар жазадан кутулуп калышат. 

"Мисалы, кылмыш жасаган адам тагыраагы, жерди саткан адам токтом чыгаргандан кийин ага прокурордук көзөмөл жүргүзүлгөн эмес.  Анан арадан бир нече жыл өткөндөн кийин жерди сатуу фактысы аныкталды, бирок мөнөөтү өтүп кетти. "Бирок буга чейин прокуратура эмне кылып жүрдү?" деген суроо туулат".

Катта-Талдык айыл өкмөтүндө жер тилке алууга арыз бергендердин саны үч миң кишиге жакын. Азыркы учурда айыл өкмөт мыйзамсыз берилип кеткен 36 сотых жер тилкени муниципалдык баланска кайтарып алганын айтып берди. Мекеме жеке менчикке сатылган, берилген жерлер көптүгүн айтып, аларды толугу менен кайтарууга аракет болорун кошумчалады. 
 

 

Автор: Осмонова Айдана > 616 статей