БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Казакстан 31-августка чейин кантты экспорттоого тыюу салды
Казакстан 2024-жылдын 31-августуна чейин кантты экспорттоого тыюу салды. Мындай чечимди мекемелер аралык комиссия "казакстандыктарды кант менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн" кабыл алганы айтылды.
Убактылуу тыюу үчүнчү өлкөлөргө, анын ичинде Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөргө - Армения, Беларус, Кыргызстан жана Орусияга да тиешелүү. Бирок бул чара эл аралык транзитке жайылтылбайт. Бул тууралуу Казакстан өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, учурда кампалардагы канттын запасы жана импорттун көлөмү болжол менен 256 миң тонна, бул өлкөнүн жылдык керектөөсүнүн жарымына жакынын түзөт.
Өткөн аптада орус өкмөтү да жайдын соңуна чейин кантты экспорттоого убактылуу тыюу салган. Бирок Казакстан үчүн 120 миң тонна экспортко уруксат берилери, ошондой эле ЕАЭБдин башка мүчөлөрү үчүн да артыкчылык бар экени айтылган.
2022-жылы жайында Казакстанда кант жетишсиздиги өкүм сүргөн маалда Токаев азык-түлүк дүкөндөрүндөгү мушташты жана ири кезек күтүүнү "уят" деп атап, маселени чечүүнүн жолдорун издөөгө чакырган. Арадан эки жыл өтсө да өлкө Орусиядан, Беларустан жана башка мамлекеттерден кантты импорттоону улантууда.
Автор: Т-Медиа > 388 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat