БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Казакстан: учак кырсыгындагы үч кыргызстандык тирүү экени аныкталды

Казакстан: учак кырсыгындагы үч кыргызстандык тирүү экени аныкталды

Окуя болгон жер. Сүрөт интернеттен алынды

Казакстанда кулаган учактын ичиндеги Кыргызтандын үч жараны тирүү экендиги аныкталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Мекеме тараткан маалыматка караганда, учактын ичиндеги кыргыз жарандары 20, 26 жана 36 жашта. Алар учурда Казакстандын Актау шаарындагы ооруканага жеткирилген. 

25-декабрда Бакудан Чеченстандын баш калаасы Грозный шаарына бараткан Azerbaijan Airlines авиакомпаниясынын учагы Казакстандын Актау шаарына жакын жерде кулаган. Анда жалпы 65 жүргүнчү жана беш экипаж мүчөсү болгон. 

Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин акыркы маалыматына ылайык, кырсыкта аман калган 29 кишинин 27си ооруканага жеткирилген. Он бири жандандыруу бөлүмүндө жатат. Мангыстау облустук балдар ооруканасына 11 жана 16 жаштагы эки бала түштү.

"КазАэроНавигация" ишканасы кырсык учактын канаттуулар менен кагылышынан жана башкаруудагы катачылыктан улам болушу мүмкүн деп божомолдоп жатат. 

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Азербайжандын президенти Илхам Алиевге учактын кыйрашына байланыштуу көңүл айтуу катын жөнөттү.

 

Автор: Боромбаев Максат > 149 макала