БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Казакстанда Борбор Азия өлкөлөрүнүн аскердик машыгуусу өтүүдө

Казакстанда Борбор Азия өлкөлөрүнүн аскердик машыгуусу өтүүдө

Сүрөт centralasian.org сайтынан алынды

Казакстандын Маңгыстау облусунда постсоветтик беш мамлекеттин катышуусунда "Бірлестік-2024" аскердик машыгуулары негизги фазага өттү. Каспийдин жээгиндеги аскердик окуу Орусия катышкан жок.

Казакстандын Коргоо министрлиги Казакстандын, Азербайжандын, Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын армиясынын контингенттери күжүрмөн даярдыктын эң жогорку деңгээлине жеткирилгенин билдирди. Машыгуунун максаты – куралдуу кагылышуулардын зонасын аныктоо багытында күжүрмөн даярдыктан өтүү.

"Батыш" аймактык командачылыгынын аскерлеринин кол башчысы, генерал-майор Бауыржан Артыков "Хабар" мамлекеттик телеканалына берген комментарийинде машыгууга танк бөлүктөрү жана атайын күчтөрдүн бөлүктөрү катышып жатканын, аскердик авиация тартылганын, деңиз багытында да окуулар жүрүп жатканын айтты.

Машыгууга катышкан беш өлкө тең Борбор Азия жана Кавказ аркылуу Кытай менен Европаны байланыштырган Ортолук коридордун боюнда жайгашкан. 

Автор: Т-Медиа > 354 статей