БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Казакстан: учак кырсыгынан жабыркаган үч кыргыз жараны Бишкекке алынып келинди
25-декабрда Казакстандын Актау шаарында катталаган авиакырсыктан аман калган үч кыргыз жараны атайын борт менен Бишкекке алынып келинди. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алар аэропорттон "Тез жардам" унаасы менен Улуттук госпиталга жеткирилгенин билдирди. Учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, экөөнүн абалы канааттандырарлык деп бааланып, Улуттук госпиталдын кыска мөөнөттүү стационардык бөлүмгө жаткырылган. Ал эми үчүнчү жарандын абалы туруктуу жана оор деп бааланууда.
25-декабрда Бакудан Чеченстандын баш калаасы Грозный шаарына бараткан Azerbaijan Airlines авиакомпаниясынын учагы Казакстандын Актау шаарына жакын жерде кулаган. Борттогу жалпы 67 кишинин 38и набыт болгон. Калгандары ар түрдүү жараат алган. Алардын арасында кыргызстандык үч жаран бар.
Кийин учак Орусиянын Куралдуу "Панцирь" деп аталган ракетасынын соккусунан жабыркаганы кабарланган.
28-декабрда Орусиянын президенти Владимир Путин Азербайжандын президенти Илхам Алиевден Актауда кыйраган учак үчүн кечирим сурады. Ал каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалаган". Бирок Путин учакты орусиялык ракета атып түшүргөнүн так айткан эмес.
Автор: Осмонова Айдана > 821 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat