БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Казакстанда жүргүнчү ташыган учак кулап түштү
25-декабрда Азербайжандын борбору Бакудан Чеченстандын баш калаасы Грозный шаарына бараткан Azerbaijan Airlines авиакомпаниясынын учагы Казакстандын Актау шаарына жакын жерде кулады. Маалыматты Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги да ырастады.
Бир катар маалымат агенттиктер жазгандай, учак Каспий деңизинин үстүнөн учуп өтүп баратканда авариялык кырдаал тууралуу маалымат берген.
"Азаттык Радиосунун" казак кызматы кырсык тууралуу маалыматты Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги да ырастаганын кабарлады.
"Актауда учак кырсыгы болгон жерге ӨКМдин өздүк курамынын 52 кызматкери жана 11 техникасы барды. Барган маалда учактын күйүп жатканы аныкталган", - деп айтылат министрликтин маалыматында.
"Интерфакс" агенттигинин маалыматына карганда учакта жалпы 65 жүргүнчү жана беш экипаж мүчөсү болгон. Учурда 14 адам ооруканага жаткырылганы айтылууда.
"КазАэроНавигация" ишканасы кырсык учактын канаттуулар менен кагылышынан жана башкаруудагы катачылыктан улам болушу мүмкүн деп божомолдоп жатат.
Автор: Боромбаев Максат > 149 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat