БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Көчмөндөр оюндары: алыш бел боо күрөшүнөн улуттук команда жети медаль утту

Көчмөндөр оюндары: алыш бел боо күрөшүнөн улуттук команда жети медаль утту

Сүрөт: Маданият министрлиги

Астанада өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында алыш бел боо күрөшү боюнча Кыргызстан жети медаль жеңип алды. 

Эркектер арасында Баяман Абидинов 60 кг чейинки салмакта, ал эми Ирлан Казбек уулу 80 кг чейинки салмакта алтын медаль жеңип алышты. Калысбек Каюмов жана Азизхан Мусабек уулу коло медалга ээ болушту. Кыз-келиндер арасында Нагира Сарбашева 75 кг чейинки салмакта алтын алды. Нурзат Бактыяр кызы 65 кг чейинки салмакта 2-орунду ээлесе, Динара Камчыбекова 70 кг чейинки салмак категориясында коло медаль тагынды.

Муну менен Кыргызстандын куржунунда жалпы 38 медаль бар. 10 алтын, 13 күмүш, 15 коло. Ал эми командалык эсеп боюнча Кыргызстан үчүнчү орунга чыкты. 

Биринчи орунда Казакстан 69 медаль менен алдыда. Кийинкиде 32 медаль менен Өзбекстан жайгашты. 

8-сентябрда Казакстандын борбору Астана шаарында V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталган. Ага 268 кыргызстандык спортчу барып, спорттун 29 түрүнөн катышууда. 

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өткөрүлөт. Алгач эки жыл сайын үч жолу Ысык-Көлдө уюштурулган. Андан кийин IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2022-жылдын 29-сентябрынан 2-октябрына чейин Түркиянын Изник шаарында өткөн. Ага 102 өлкөдөн үч миңдей спортчу катышкан.

Автор: Осмонова Айдана > 609 статей