БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Көчмөндөр оюну: Кыргызстан көкпардан Монголияны 16:0 эсебинде жеңди

Көчмөндөр оюну: Кыргызстан көкпардан Монголияны 16:0 эсебинде жеңди

Сүрөт: "Кактус"

Астанада өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстан көк пар боюнча Монголия командасын 16:0 эсебинде утуп алды. 

Көкпар оюнуна тогуз команда катышууда. Кыргызстан экинчи беттешин 10-сентябрда өткөрөт. 

Кыргызстан көчмөндөр оюндарында көкпар боюнча да, көк бөрү боюнча да күч сынашууда. Бүгүн, 9-сентябрда көк бөрүдөн Өзбекстан менен беттешет. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө башталат. Көчмөндөр оюндарына Кыргызстандан 18 улакчы кеткен.

Казакстандын борбору Астанада V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрда расмий ачылды. Мелдештер 13-сентябрга чейин уланып, 80ден ашуун өлкөдөн 3000 ден ашык спортчу катышууда. Кыргызстандан 253 спортчу спорттун 21 түрүнөн күч сынашат.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өткөрүлүп келет. Буга чейин дүйнөлүк оюн Кыргызстанда үч жолу өткөн. Андаң соң оюндарды өткөрүү укугун Түркия алган. 2020-жылы боло турган оюндар коронавирус пандемиясына байланыштуу эки жыл токтотулуп, 2022-жылы Изник шаарында өткөрүлгөн. Андан соң кезек Казакстанга берилген.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей