БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кемпир-Абад иши: адвокат президентке туура эмес маалымат жеткенин айтты

Кемпир-Абад иши:  адвокат президентке туура эмес маалымат жеткенин айтты

Сүрөт: t-media

Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандар тууралуу президентке туура эмес маалымат жеткен. Мындай пикирин жактоочу Кантемир Турдалиев 20-декабрда журналисттерге маалымат берип жатып билдирди.

Анын сөзүнө караганда, айыпталуучулардын башка бир мамлекеттен каржыланып жатканы тууралуу маселе кылмыш ишин тергөө учурунда айтылган эмес жана иштин материалында да мындай маселе жок.

"Бул иш боюнча бир жылдан бери адвокат болуп катышып жатабыз. Иш менен деле тааныштык. Ал жакта кандайдыр бир чет өлкөлүк элчиликтин кийлигишүүсү да болгон эмес. Эч ким бирөөдөн бир тыйын акча алган эмес. Эгер андай боло турган болсо бул аябай оор кылмыш болуп, бул башка мамлекеттин суверендүүлүгүнө кийлигишүү болуп калат. Муну укук коргоо органдары тергеп, ачыкка чыгарышы керек", -деп билдирди Турдалиев.

16-декабрда болуп өткөн экинчи Элдик курултайда делегаттардын бири Кемпир-Абад иши боюнча сотту ачык өткөрүү тууралуу маселе көтөргөн. Кийин президент Садыр Жапаров сот эмне үчүн жабык өтүп жатканына жооп берген. Бирок анда сөз ким жана кайсы өлкөнүн элчиси жөнүндө болуп жатканын тактаган эмес.

"Муну уюштурган башчысы бар. Ал кайсы мамлекеттин элчисинен акча алганы бар экен. Биз аны ачык чыгарганда, ал мамлекетти баарыңар жек көрөсүңөр. Анан ортобузда пикир келишпестик, жек көрүү болуп, мамилебиз бузулуп калышы мүмкүн экен. "Ошон үчүн жабык өткөрүп атабыз" деп айтышты", -деп билдирген  Жапаров.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер былтыр октябрда камалган. Учурда  27 кишинин он бири тергөө абагында отурат. Калгандары буга чейин үй камагына чыгарылган.

Милиция аларды бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин «Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү», «Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү» беренелеринин негизинде козголгон.

Абактагылар мунун баарын саясий куугунтук деп баалап келет.

Автор: Максат Боромбаев

Автор: Т-Медиа > 352 статей