БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кемпир-Абад иши: прокурорлор шаардык сотко жаңы апелляциялык сунуш берди

Кемпир-Абад иши: прокурорлор шаардык сотко жаңы апелляциялык сунуш берди

Сүрөт: Т- Медиа

Кемпир-Абад иши боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө каршы прокурорлор буга чейинки берген апелляциялык сунушуна өзгөртүүлөрдү киргизип, Бишкек шаардык сотуна кайрадан жаңы сунуш берди. Бул тууралуу аталган иш боюнча акталган оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков фейсбуктагы соцтармактагы баракчасына , прокуратуранын өтүнүчүн жарыялады.

Анда мамлекеттик айыптоочулар Медер Абдышев жана Замира Байбагышева айыпталуучуларга карата чыккан райондук соттун актоо өкүмүн жокко чыгарып, аларды күнөөлүү деп таап, жаза берүү сунушунун киргизген. 

Прокурорлор буга чейинки апелляциялык арызда Бишкек шаардык сотунан ишти башка курамда Биринчи май райондук сотуна кайра жаңы кароого жиберүүнү өтүнүшкөнү маалым.

14-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан 27 кишинин 22син актаган. Ал эми ден соолугуна байланыштуу дарыланып жаткан саясатчылар Кеңешбек Дуйшебаев менен Бектур Асановдун жана Жогорку Кеңешке шайлоого талапкер болгон Кубанычбек Кадыровдун иши өзүнчө бөлүнгөн. Ошондой эле Орозайым Нарматова менен Талантбек Эшалиевдин иши дагы өзүнчө өндүрүшкө алынган.

15-июнда президент Садыр Жапаров Кемпир-Абад иши боюнча соттун чечимине комментарий берип, айыпталгандар убагында маалыматты бурмалап, элди шыкактаганын, эгер, өзү сот болсо аларга кандайдыр бир жаза бермектигин айткан.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Кийин алардын ичинен сегизи тергөө абагында калып, калгандары үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши сегиз айлык тергөөдөн кийин июнь айында сотко өткөн. Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгы ишке "жашыруун"грифин койгон. Ушундан улам сот жабык өтүп келди. Милиция аларды "бийликти басып алууга аракет кылган" деген айып койгон. Иш Кылмыш-жаза кодексинин "Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү", "Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү" беренелеринин негизинде козголгон.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттап келет.

 

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей