БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кемпир-Абад ишинде айыпталган Асановго жасалган операция он саатка созулган

Кемпир-Абад ишинде айыпталган Асановго жасалган операция он саатка созулган

Бектур Асанов

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталган саясатчы Бектур Асановго Түркиядан операция жасалды. Учурда Асанов жандандыруу бөлүмүндө. Бул тууралуу 23-мартта укук коргоочу Азиза Абдирасулова кабарлады.

Абдирасулованын айтымына караганда, Бектур Асановдун моюн омурткаларынын үч омурткасына жана бел омурткасына жасалган операция он эки саатка созулган.

 

“Омуртка жулундору абдан жабыркап калган экен. Операция өтө оор болгонуна карабастан ийгиликтүү аяктады" деп билдиришти Стамбулдагы Erkan Kaptanoglu клиникасынын дарыгерлери”,-деп жазган укук коргоочу. 

Эске салсак, Бектур Асанов ден соолугуна байланыштуу 7-февралда үй камагына чыккан. Биринчи май райондук соту Асановго 19-марттан 19-апрелге чейин Түркияда дарыланып келүүгө уруксат берген. Ал буга чейин  Улуттук госпиталга жаткырылып, 15-январда анын моюн омурткаларына операция жасалган. Абалы жакшырбаганына байланыштуу сот 7-февралда аны эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон. 

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган.Ушул тапта кармалгандардын ичинен 11 киши тергөө абагында калды. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши сегиз айлык тергөөдөн кийин июнь айында сотко өткөн. Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгы ишке "жашыруун"грифин койгон. Ушундан улам сот жабык өтүп жатат. Милиция аларды "бийликти басып алууга аракет кылган" деген айып койгон. Иш Кылмыш-жаза кодексинин "Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү", "Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү" беренелеринин негизинде козголгон.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттап келет. Кармалгандар отурумдарды ачык өткөрүү талабын коюп келишет.

Автор: Осмонова Айдана > 616 статей