БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Кендирбаева: мектептер 12 жылдык билим берүүгө 2030-жылы толук өтүп бүтөт

Кендирбаева: мектептер 12 жылдык билим берүүгө 2030-жылы толук өтүп бүтөт

Сүрөт интернеттен алынды

Кыргызстандын мектептери 12 жылдык билим берүү системасына этап-этабы менен киргизилет. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркул Кендирбаева АКИpress басылмасына курган маегинде билдирди. Анын айтымында, система 2029-2030-жылы толук аяктайт

Бул окууу системасына ылайык, кийини жылы нөлүнчү класстагылар 2-класска отурушат. Ал эми билим берүүнүн баштапкы, негизги жана орто тепкичиндегилер бир класска алдыга жылат. 

«2029-2030-жылдары мектептер толугу менен 12 жылдык билим берүү тутумуна өтөт. 10дон 12ге чейинки класстар кесипке багыт берүүгө, жумуш кесиптерине даярданууга жана айрым предметтерди тереңдетүүгө багытталат», -дейт министр. 

Министрлер кабинети үстүбүздөгү жылдын 15-мартында Кыргызстанда 12 жылдык орто билим берүүнү камтыган «Жалпы орто билим берүүнүн түзүмүн модернизациялоо жөнүндө» тескемени жактырган. Өкмөт окуу мөөнөтүн өзгөртүү моделине этап-этабы менен өтүүнү көздөп жатат. Учурда мектептерде мектепке чейинки даярдоо үчүн 4048ден ашык класс уюштурулулганы айтылды.

Өлкөнүн мектептерине 12 жылдык окуу системасын киргизүү демилгеси 2022-жылы апрелде белгилүү болгон. Анда мурдагы билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев балдар 1-класска алты жаштан бара баштарын, ал эми 0-класс жоюларын белгилеген. Анын айтымында, мындайда бала бир жылын текке кетирбейт, ал эми өлкөнүн билим берүү системасы «эл аралык стандартка ылайык» болот.

Автор: Осмонова Айдана > 661 статей