БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Кендирбаева: мугалимдерге ноутбук бериле элек

Кендирбаева: мугалимдерге ноутбук бериле элек

Сүрөт интернеттен алынды

Азыркы учурда бир да мугалим ноутбук ала элек. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрди Догдуркул Кендирбаева  айтты.  

«Учурда мугалимдер ноутбуктарды ала элек, бирок ноутбуктардын техникалык мүнөздөмөлөрү бекитилип, бааларга мониторинг жүргүзүлүп, ноутбук сатып алууга этап-этабы менен даярдык көрүлүп жатат”,-деди министр. »

Мындан сырткары министр мугалимдердин орточо айлык акысы 26 миң 400 сом экендигин айткан. 

Буга чейин министрлик быйылкы окуу жылынан мугалимдерге  24 миң ноутбук акысыз берилерин кабарлаган. Алар табигый илимдер боюнча сабак берген мугалимдерге берилери айтылып, сатып алуу үчүн 1,5 млрд сом бөлүнгөн. 

Автор: Осмонова Айдана > 661 статей