БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кезектеги Элдик Курултай 20-декабрда өтөт

Кезектеги Элдик Курултай 20-декабрда өтөт

Сүрөт интернеттен алынды

Бүгүн, 24-сентябрда президент Садыр Жапаров "Кезектеги Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө" жарлыкка кол койду. Үчүнчү ирет өтчү иш-чарага 700дөй делегат катышары күтүлүүдө.

Маалыматка караганда, бул жолку курултайда уюштуруу иштери менен Министрлер кабинети жана Президенттин иш башкармалыгы алектенет.

"Элдик курултай жөнүндө" конституциялык мыйзам 2023-жылдын 24-июлда кабыл алынган. Мыйзамдын талабына ылайык, 700 делегаттын ичинен курамы 17 адамдан турган Улуттук кеңеш түзүлүүгө тийиш. Анын ичинен ар бир облуска бирден өкүл шайланат. 

Биринчи элдик курултай 2022-жылы ноябрда өткөн. Анда төрт миңден ашуун сунуш түшкөн.  Экинчиси 2023-жылы декабрь айында өткөн. Ага жалпы 695 делегат катышкан.

Автор: Улукбек кызы Асем > 349 статей