БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"KG Групп" курулуш компаниясынан үй алгандар бийликке кайрылуу жолдошту

"KG Групп" курулуш компаниясынан үй алгандар бийликке кайрылуу жолдошту

УКМКнын алдына чогулгандар. Сүрөт: t-media

"KG Групп" курулуш компаниясынан батир алган жарандар бүгүн, 11-январда УКМКнын алдына чогулушту. Алар үй алуу үчүн фирмага акчаларын толук төгүп бергени менен курулуш иштери дагы деле бүтпөй жатканын айтышты. Чогулгандар президент Садыр Жапаровго, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге жана башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылып, маселени көзөмөлгө алууну суранышты.

Айтымдарында, алар буга чейин компаниянын директору Имамидин Ташов менен бир канча ирет жолуккан. Анткен менен айтылган талаптардын бири да аткарылган эмес. Чогулгандардын бири Алим Бекматов "KG Групп" ишканасына каражатты толук төлөп бергени менен ушул күнгө чейин курулуш иши аягына чыга электигин билдирди.

"Чыңгыз Айтматов ордосунан үй алгам. Акчасын 2018-жылдан баштап төлөп, 2021-жылып толук кутулдум. Келишим боюнча 2018-2021-жылдары курулуш бүтүш керек болчу. Ошондон бери "Мына бир жылдан кийин бүтөт" деп алдап келатат. Азыр үйдүн отуз гана пайызы тургузулган. Калганы жок. Ошондон улам УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылуу үчүн келдик".

"KG групп" курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовго издөө жарыяланганын УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев парламенттин 10-январдагы жыйынында билдирген. Ал ишкердин "УКМКнын кызматкерлери 100 млн сом талап кылды" деген сөзүн төгүндөп, Ташовду кайсы өлкөдө болбосун сөзсүз кармап, мамлекетке төңкөрүш уюшутуурга даярданганы үчүн жоопко тартаарын белгилеген. 

Мунун алдында социалдык тармактарда ишкердин кайрылуусу тараган. Анда Имамидин Ташов УКМКнын кызматкерлери аны уурдап кеткенин, сегиз күн белгисиз жерде кармап олтурушуп 52 млн сомдон сырткары 100 миллион сом талап кылганын айткан. Ал бул окуялар 2023-жылдын 27-декабрында болгонун, буга желек жөнүндө айткан каршы пикири негиз болгонун кошумчалаган. Видео качан жана кайда тартылганы белгисиз. 

Имамидин Ташов муниципалдык менчикти мыйзамсыз берүүгө жана пайдаланууга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин негизинде былтыр октябрда кармалып, 8-декабрда үй камагына чыккан. 

Автор: Максат Боромбаев

Автор: Т-Медиа > 355 статей