БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары кайра Кыргызстанда өтмөй болду

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары кайра Кыргызстанда өтмөй болду

Сүрөт Астана шаарындагы V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинен

Маданият маалымат, спорт жана жаштар министри Алтынбек Максутов VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылы кайра Кыргызстанда өтө турганын билдирди. Анын кайрылуусу мекеменин соцтармактагы баракчасына 9-июлда жарыяланды.

"Урматтуу кыргызстандыктар, баарыңыздарды V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи менен куттуктайм. Кыргызстандан келген биздин спортчуларыбыз учурда өтө жогорку деңгээлдеги көрсөткүчтөрдү көрсөтүп жатат. Биздин жакшы жаңлыгыбыз бар. Кыргызстандан чыккан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары кайра өз мекенинде 2026-жылы өтө турган болду".

Буга чейин көчмөндөрдүн VI дүйнөлүк оюндарын өткөрүү укугу Өзбекстанга Кыргызстандын чечими менен берилгенин президенттин администрациясынан билдиришкен.

Быйыл 8-сентябрь күнү Казакстандын борбору Астана шаарында V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталды. Ага 268 кыргызстандык спортчу барып, спорттун 29 түрүнөн катышууда. 

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өткөрүлөт. Алгач эки жыл сайын үч жолу Ысык-Көлдө уюштурулган. Андан кийин IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2022-жылдын 29-сентябрынан 2-октябрына чейин Түркиянын Изник шаарында өткөн. Ага 102 өлкөдөн үч миңдей спортчу катышкан.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей