БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Кимдики туура экенин аныктайт". Базардагы нааразычылыктардан кийин жумушчу комиссия түзүлдү

"Кимдики туура экенин аныктайт". Базардагы нааразычылыктардан кийин жумушчу комиссия түзүлдү

Сүрөт: t-media/ Зыягүл Болот кызы

Базарлардагы нааразычылыктар боюнча жумушчу комиссия түзүлдү. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди. 

Комиссия Министрлер Кабинетинин чечими менен базардагы соодагерлердин талабын изилдеп чыгат. Жыйынтыгында кимдин талабы туура экени айтылат. 

"Буга чейин Мамлекет башчысы Садыр Жапаров "Бир жылда соодасы 8 миллион сомдон ашпагандар бир тыйын төлөбөйт" деген. Бул соодасын жаңы баштагандар, акча айлантуусу аздар "бутуна туруп кетсин" деген саясат болчу. Азыр эми "Менин соодам 8 миллиондон ашпайт деген" соодагерлердин соодасы 50дөн 100 миллионго чейин ашып кеткен фактылар аныкталып калды. Ошол үчүн ККМ колдонгула деген талап болуп жатат." - деген Алагөзов. 

Ноябрь айынын аягында Кыргызстандын ар кайсы аймагындагы ири базарлардын соодагерлери нааразычылыкка чыгып жатат. 1-декабрда Оштогу соодагерлер, 30-ноябрда Бишкектеги "Дордой", "Орто-Сай" базарында, 29-ноябрда Кара-Суудагы "Тураталы" базарында соодагерлер митингге чыккан. 

Соодагерлер өкмөт патент менен иштөө системасын калтырып, ишкерлерге шарт түзүп бериши керектигин айтып жатат. 

29-ноябрда Салык кызматы билдирүү таратып стратегиялык объектилерге кирген "Дордой" жана Кара-Суудагы "Тураталы эл базары" 2024-жылдын 1-январынан тартып ККМ, ЭТТН жана ЭЭФтен бошотулганын маалымдаган. Бул ошол базардын ичинде гана болгон соода-сатыкта иштейт.

ККМ – бул товар сатуу жана кызмат көрсөтүү үчүн керектелген эсептөөчү аппарат. ЭТТК – товар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүчү транспорт каражаты жөнүндө маалыматтарды жана башка маалыматтарды камтыган электрондук документ. ЭЭФ – кошумча нарк салыгын эсептөө үчүн керектелген, товар саткан жана кызмат көрсөткөн тарап толтура турган конкреттүү үлгүдөгү салык документи.

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей