БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кино, мультфильм, театрда чылым чегүүнү көрсөткөндөргө айып салуу сунушталды

Кино, мультфильм, театрда чылым чегүүнү көрсөткөндөргө айып салуу сунушталды

Сүрөт интернеттен алынды

Кино, мультфильм жана театралдык оюн-зооктордо тамеки, кальян жана электрондук тамекини чегүүнү көрсөткөндөргө айып салуу сунушталды. Мыйзам долбоорду Саламаттыкты сактоо министрлиги демилгелеген.

Ага ылайык, чылым чегүүнү жарнамалаган жеке жактарга 10 миң, юридикалык тараптарга 28 миң сом айып пул каралган. Ал эми кино, спектакль, телерадио программа, ТВдагы эфирлерде көрсөтүлгөнү үчүн 10 миңден 35 миң сомго чейин айып төлөнөт. Мультфильм, балдарга арналган көрсөтүүлөрдө чылым чегүү көрсөтүлсө 15 жана 40 миң сом каралган. 

Чет өлкөлүк тасмаларда же сериалдарда мындай көрүнүштөр кездешсе айып салынар же салынбасы мыйзам долбоордо көрсөтүлгөн эмес. 

Кыргызстанда 2021-жылдын 15-сентябрында "Жарандардын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепетинен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө" деген мыйзам иштей баштаган.

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департамент Бишкекте коомдук тамактануучу жайда тамеки чегүүгө тыюу салган эреженин бузулушуна байланыштуу былтыр дээрлик миллион сом айыппул салынганын маалымдаган. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 310 статей