БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Күйүүчү май 200 сомго чыгабы?

Күйүүчү май 200 сомго чыгабы?

1

оциалдык тармактарда “Орусия күйүүчү майды экспорттоону токтотту. Эми Кыргызстанда бензиндин баасы 2-3 эсеге өсүшү мүмкүн” деген маалыматтар тарады. Чын эле Орусиядан мындан ары күйүүчү май экспорттолбойбу? “Т-Медиа” маалыматты текшерди. 

Негизи 21-сентябрда Орусия өкмөтү бензин жана дизель майын экспорттоого убактылуу тыюу салган токтом чыгарган. Документте чектөөнүн максаты энергетикалык коопсуздукту камсыздоо максатында экени көрсөтүлгөн. Бул тыюу качанга чейин созулушу жазылган эмес. Бирок токтомдо убактылуу киргизилип жаткан чектөө Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөргө тиешелүү эмес деп турат. Башкача айтканда, ал мамлекеттерге экспорт улана берет.  Ал эми Кыргызстан ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн бири. 

Демек, Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы жогорулабайбы?

Улуттук статистика комитетинин мониторинги боюнча, сентябрь айынын башынан бери эле А-92 үлгүсүндөгү бензин төрт, дизель эки , А-95 бензини орточо үч сомго кымбаттаган. Учурда Бишкек жана Ошто А-95 бензини 70 сомдон, А-92 Бишкекте 62 сомдон, Ошто 65-66, дизель майы 68-69 сомдон сатылып жатат. 

Сүрөт: “Т-Медиа”

Сүрөт: “Т-Медиа”

Баанын улам өзгөрүп жатканын Кыргызстандын мунай сатуучулар ассоциациясынын президенти Канат Эшатов Орусиядагы дүң сатуучулардан көз каранды экендиги менен түшүндүрдү. 

“Орусияда жайгашкан заводдор жума сайын өздөрүнүн дүң бааларын коюп жатат. Ошол баа менен биздин компаниялар сатып алып, Кыргызстанга ташып келет. Эгер, аларда баалар өсө берсе, бизде да жогорулай берет. Анын Орусиянын тыюу салуусуна эч кандай тиешеси жок”. 

Кыргызстан күйүүчү майды толук Орусиядан ташып келет. Бирок Украинадагы согушка байланыштуу Орусияда мунай казуу солгундаган кабарланып жатат. Заводдордо анын баасынын жогорулашына да өндүрүлгөн мунайзаттын азайганы себеп болгон. 

Жыйынтык: Орусиянын күйүүчү майды экспорттоого салган тыюусунун Кыргызстанга тиешеси жок. Баалар Орусиядагы наркка карап өзгөрүшү мүмкүн.

Автор: Т-Медиа > 354 статей