БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Күйүүчү май ташыган унаа өрттөнүп, 4 адам жабыркады

Күйүүчү май ташыган унаа өрттөнүп, 4 адам жабыркады

Сүрөт: ӨКМ кызматы

27-октябрь күнү Бишкек-Ош жолунун болжол менен 100-101-чакырымында күйүүчү май ташыган оор жүк ташуучу унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

 

Кырсыктын видеосу социалдык тармактарда желдей тараган. Анын кесепетинен 4 адам жабыркап, Жайыл райондук ооруканасына жеткирилген. Өрттү өчүрүүгө 14:29да ӨКМдин Кара-Балта шаардык бөлүмүнө маалымат түшөрү менен 1 күжүрмөн эсеп, авариялык куткаруу унаасы жана 3 куткаруучу жиберилген.

 

Өрт саат 15:40та толук өчүрүлгөн. Ошондой эле Мерседес-Бенц жана Хонда-СРВ жеңил унаалары күйгөн.

Автор: Каныбек уулу Нургелди > 69 статей