БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Көк бөрү менен кыргыз күрөш "Көчмөндөр оюндарына" кирбей калды

Көк бөрү менен кыргыз күрөш "Көчмөндөр оюндарына" кирбей калды

Сүрөт: Максат Боромбаев

Көк бөрү жана кыргыз күрөш оюндарын дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына киргизүү керек. Мындай пикирин маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов 26-февралда өткөн мекеменин коллегиясында билдирген.

Максүтовдүн билдиришинче, көк бөрү жана кыргыз күрөш оюндары V дүйнөлүк Көчмөндөр оюнунун беттештик тизмесине кошулбай калган. Алар тизмеге мелдештен тышкары көргөзмө оюн катары гана киргизилген. 

Мындан улам ал министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылып, улуттук эки оюнду тизмеге киргизүүгө көмөктөшүүсүн өтүнгөн. 

"Бул туура эмес деп эсептейм. Сизди бул маселени чечүүгө көмөктөшүүңүздү суранам", - деди министр.

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюну быйыл 8-14-сентябрь күндөрү Казакстандын борбору Астана шаарында өтөт. 

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өткөрүлүп келет. Буга чейин дүйнөлүк оюн Кыргызстанда үч жолу өткөн. Андаң соң оюндарды өткөрүү укугун Түркия алган. 2020-жылы боло турган оюндар коронавирус пандемиясына байланыштуу эки жыл токтотулуп, 2022-жылы Изник шаарында өткөрүлгөн. Андан соң кезек Казакстанга берилген.

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей