БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Көк бөрү: Жеңишке жеткен "Ынтымак". Капсуласы салынган жаңы ат майдан

Көк бөрү: Жеңишке жеткен "Ынтымак".  Капсуласы салынган жаңы ат майдан

Интернеттен алынды

Нооруз майрамына карата өтүп жаткан көк бөрү боюнча республикалык турнирде Талас облусунун "Ынтымак" командасы чемпион болду.  Турнирдин жогорку лигасында баш байге үчүн мелдеште "Ынтымак" Оштун "Достук" командасын 3:2 эсебинде жеңип алган.

 

Көк бөрүгө Президент Садыр Жапаров күбө болуп, жаңыдан пландалган "Ак кула" ат майдандын курулушуна капсула салды. Жаңы ат майдандын имаратында соода борбору, мейманкана, тамактануучу жайлар жана башка шарттар түзүлөрү белгилүү болду.

" Долбоордо көмөкчү жана чарбалык имараттар, сарайлар, устакана, ветеринардык оорукана, карантин жана башка тиешелүү жайлар да курулат"- деп айтты  Жапаров

Жаңы ат майдан Сокулук районунун аймагында - Бишкек-Ош жолунун боюнда курулат. Ал үчүн 215 гектар жер бөлүнгөн, 20 миң орундуу болот.

Бишкектин Термечиков көчөсүндөгү эски "Ак кула" ат майданы бузулуп, ордуна көп кабаттуу үйлөр куруларын президент Жапаров былтыр мартта айткан.

Улуттук оюндардын түрлөрү боюнча мелдештер өтүп келаткан, үч миң орундуу “Ак-Кула” ат майданы 1947-курулган. Жалпы аянты 57,4 гектарды түзгөн эски ат майданы авариялык абалда, адамдар үчүн кооптуу экени айтылган. 

Бул жолку  көк-бөрү ушул жерде уюштурулган.

Автор: Мамасадыкова Кенжебү > 58 статей