БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кыргызстандын көк пар курамасы Казакстанга утулду

Кыргызстандын көк пар курамасы Казакстанга утулду

Көкпар боюнча финалдык беттеш/ 12.09.2024

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын көкпар боюнча командасы финалдык беттеште Казакстандын курамасына 5:4 эсебинде утулуп, күмүш медалга ээ болду. Оюндун негизги бөлүгүндө командалар 4:4 эсеби менен тең чыгышты. Кийин кошумча он мүнөттүк убакыт берилип, казак курамасынын оюнчулары биринчи улак салып жеңишке жетти. 

Биринчи таймдын 13-мүнөтүндө эсеп 3:1 болгондо Казакстан курамасынын 10-номердеги оюнчусу Улан Байтөреев кыргызстандык Кубанычбек Султан уулун камчы менен чаап жиберди. Мындан улам мушташ чыгып, биринчи тайм бүтөрүнө 6 мүнөт 7 секунд калганда оюн токтотулду.

Эми Кыргызстан менен Казакстан курамалары көк бөрүдөн финалда беттешет. Оюн бүгүн, 12-сентябрда Бишкек убактысы боюнча саат 17:30да башталат.

8-сентябрда Казакстандын борбору Астана шаарында V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталган. Ага 268 кыргызстандык спортчу барып, спорттун 29 түрүнөн катышууда. 

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өткөрүлөт. Алгач эки жыл сайын үч жолу Ысык-Көлдө уюштурулган. Андан кийин IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2022-жылдын 29-сентябрынан 2-октябрына чейин Түркиянын Изник шаарында өткөн. Ага 102 өлкөдөн үч миңдей спортчу катышкан.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей