БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Курманкул Зулушев Көк бөрү федерациясынын президенттигинен кетет

Курманкул Зулушев Көк бөрү федерациясынын президенттигинен кетет

Сүрөт: Көкбөрү федерациясы

Курманкул Зулушев Кыргызстандын көк бөрү федерациясынын президенттигинен кетет. Ордуна Айбек Абылкасымовдун талапкерлиги сунушталууда. Бул тууралуу федерациянын эксперти Рамис Кудайбергенов 2-июлдагы кезексиз жыйынында билдирген.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында кыргызстандык делегациянын бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары боюнча Астанадагы акыркы сүйлөшүүлөрү талкууланган. 

"Рамис Кудайбергенов Казакстандагы сүйлөшүүлөрдөн соң Көк бөрү федерациясында даярдык иштери кечеңдеп жатканы боюнча федерациянын президенти Курманкул Зулушев менен сүйлөшкөнүн, анын жыйынтыгында ишти тез арада ордунан жылдырууга кошумча адистер керектигине токтолгонун билдирди. Бул сунушту туура деп тапкан Курманкул Зулушев федерациянын президенттигине жаш, энергиялуу жетекчи керектигине ынанып, кызматын өткөрүп берүү чечимин кабыл алгандыгын башкармалыктын жыйынында Кудайбергенов айтып өттү. Зулушев федерациянын жетекчилигине Айбек Абылкасымовдун талапкерлигин колдоого аларын билдирген", -деп айтылат маалыматта. 

Эми Абылкасымовдун талапкерлиги Көк бөрү федерациясынын 17-июлдагы конферециясында башкармалыктын атынан сунушталат. Ага чейин жетекчинин милдетинин биринчи вице-президент Нурлан Максутов убактылуу аткарат.

Курманкул Зулушев бул кызматка башкы прокурор болуп турганда, тактап айтканда ушул жылдын апрель айында дайындалган. Ал 3-июнда башкы прокурор кызматынан да кеткен.  

Автор: Осмонова Айдана > 609 статей