БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Көлбаев менен байланышы бар". УКМК казакстандык ишкерге издөө жарыялады

"Көлбаев менен байланышы бар". УКМК казакстандык ишкерге издөө жарыялады

"Симирам" эс алуу борбору

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети казак ишкери,  Ысык-Көлдөгү "Симирам" эс алуу борборунун ээси Ясынжан Таировго издөө жарыяланганын билдирди. 

Маалыматка карагандан, ал маркум кримтөбөл Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) менен чогуу ишкерлик кылуу үчүн байланыш түзгөн. Муну Көлбаевдин мыйзамсыз иштер менен алектенерин жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолгонун билип туруп жасаган деп шектелип жатат. 

Тергөөдө Ясынжан Таиров Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобун каржылоо үчүн ага 200 миң доллар бергени аныкталган. Атайын кызмат алардын жолугушуулары кримтөбөлдүн Чолпон-Ата шаарындагы "Барс" комплексинин аймагында өткөнүн кабарлады.

Ясынжан Таировго Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун токтому менен сыртынан камакка алуу чарасы тандалып, мамлекеттер аралык жана "Интерпол" Улуттук борбордук бюросунун линиясы боюнча издөө жарыяланган.

Камчы Көлбаев Кыргызстанда кылмыштуу топтун жетекчиси катары Ички иштер министрлигинин (ИИМ) каттоосунда турган. 2012-жылдын декабрында "кылмыштуу топ түзгөн, курал жана маңзат сактаган, бийлик өкүлүнө күч колдонуп, адам уурдаган" деп айыпталып, камалган. Көлбаев "кара тизмесине" кирген.

Автор: Улукбек кызы Асем > 327 статей