БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

УКМК: Көлбаевге тиешелүү 115 гектар жер мамлекетке кайтарылды

УКМК: Көлбаевге тиешелүү 115 гектар жер мамлекетке кайтарылды

Сүрөт: УКМК

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ысык-Көл облусунда Камчы Көлбаевге тиешелүү делген 115 гектар жер мамлекетке кайтарылганын маалымдады. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, былтыр март айында Н.Р.Р. аттуу жаран  "Этномаданиятты, асыл тукум жылкы чарбасынын ат спортунун индустриясын өнүктүрүү борбору" мамлекеттик ишканасы менен 115 га жерди (айдоо жерди) ижарага алуу келишимин түзгөнү аныкталган.


"Аталган жаран  тоют өстүрүү жана мал чарбачылыгы менен алектенүү үчүн Ысык-Көл районунун Григорьевский а/а 80 гектар жана Семеновский а/а 35 гектар жер тилкесин пайдаланган. Ал Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнүн малын багып, тоют өстүрүп материалдык колдоо көрсөтүп келген", -деп айтылат маалыматта. 

Эске салсак: "мыйзамдагы уруу" аталган кримтөбөл Камчы Көлбаев 4-октябрда УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. 

Автор: Осмонова Айдана > 609 статей