БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Клооп Медиа" Жогорку сотко кассациялык арыз берди

"Клооп Медиа" Жогорку сотко кассациялык арыз берди

Сүрөт: kloop.kg

"Клооп Медиа" Бишкек шаардык сотунун 17-майдагы чечими боюнча Жогорку сотко кассациялык арыз берди. Бул тууралуу басылмадан кабарлашты.

Бишкек шаардык соту 17-майда "Клооп Медианын"апелляциялык арызын кароодон баш тарткан. Редакция буга соттук коллегия арыз берүүнүн мөөнөтү өтүп кеткен деген жүйө келтиргенин билдирди.

"Клооптун" иши

Бишкектин Октябрь райондук соту 9-февралда "Клооп Медианы" жоюу чечимин чыгарган. Медианы жабуу арызы менен Бишкек шаардык прокуратурасы сотко кайрылган.

Бишкектин административдик соту 18-мартта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин kloop.kg сайтын жабуу жана ага негиз болгон материалды өчүрүү тууралуу чечимин жокко чыгарган. Министрлик бул чечимге каршы кийинки инстанцияга кайрылбаса же арызданган учурда да Бишкек шаардык соту шаардын административдик сотунун токтомун күчүндө калтырса, kloop.kg сайты ачылышы керек.

"Клооптун" орус тилиндеги сайты былтыр 12-сентябрдан тарта жабылган. Ага "Саясатчы Равшан Жээнбеков абакта кыйноого кабылганы кабарланды" деген материал негиз болгон. Атайын кызмат материал "чындыкка коошпойт жана УКМКнын аброюна шек келтирет" деп Маданият министрлигине кайрылган.

Министрлик ноябрь айында ушул эле материалга байланыштуу "фейктер жөнүндөгү" мыйзамдын негизинде "Клооптун" кыргыз тилиндеги ky.kloop.asia доменинде жайгашкан сайтын бөгөттөгөн."Клооп" бул чечимдерге макул эмес экенин билдирип келет.

Автор: Осмонова Айдана > 616 статей