БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ошто сел агызып кеткен экинчи адамдын сөөгү табылды, дагы үчөө изделүүдө

Ошто сел агызып кеткен экинчи адамдын сөөгү табылды, дагы үчөө изделүүдө

Издөө, куткаруу иштеринен/ Сүрөт: ӨКМ

Сел агызып кеткен 44 жаштагы аял кишинин сөөгү 15-июлда саат 11:30да Ош шаарынын Катта-Терек тилкесинде Ак-Буура дарыясынан табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлап, ал жер Өзбекстандын чек арасына жакын экенин кошумчалады.  

Маалыматка караганда, сөөктү куткаруучулардын бири Алтынбек Исабеков тапкан. 

Буга чейин Төлөйкөн айылында жайгашкан "Мөл булак" эс алуу жайында 44 жаштагы аялды жети, он жана 19 жаштагы кыздары менен кошо сел агызып кетип, алар изделип жатканы маалымдалган. 14-июлдун кечинде Өзбекстандын Анжиян шаарынын Шахрихонсой каналынан сөөгү табылган жеткинчек изделип жаткан кыздардын бири экени айтылды. Ал эми экинчи аялды борбордук базардан сел суулары алып кеткен.

Күн мурун Ошто катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, чогулган суулардын кесепетинен Ак-Буура дарыясы нугунан ашып, ​жээкке жакын жайгашкан базарды, эс алуучу жайларды каптап кетти. Соодагерлер, жергиликтүү тургундар чоң чыгымга учурады. 

Шаарда өзгөчө кырдаал режими өкүм сүрүүдө.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей