БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

ӨКМ: Балыкчы шаарындагы катуу шамалдын кесепети такталууда

ӨКМ: Балыкчы шаарындагы катуу шамалдын кесепети такталууда

Сүрөт интернеттен алынды

30-мартка караган түнү саат 01.50дө Ысык-Көл облусуна караштуу Балыкчы шаарында катуу шамал катталды. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шамалдын ылдамдыгы секундасына 24-28 метрге чейин жеткенин маалымдап, учурда кесепет-зыяны такталып жатканын кошумчалады.

"Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жеринде тактоо иштерин жүргүзүүдө. Алдын-ала маалыматка ылайык, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок", -деп жазылган маалыматта.

28-мартта борбор калаа Бишкек менен Чүй өрөөнүндө түштөн кийин ылдамдыгы секундасына 26 метрге жеткен катуу шамал катталган. Анын кесепетинен ооруканага кайрылгандардын саны 26 адамга жеткен. Алардын ичинен алтоо ооруканага жаткырылган. 

ӨКМ 150дөн ашык объект, турак-жай зыянга учураганын, бир топ бак-дарак кыйраганын, чыгымды тактоо, кесепетин жоюу уланып жатканын билдирип, Бишкекте жана Чүйдө өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Автор: Улукбек кызы Асем > 257 статей