БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

ӨКМ: Кыргызстандын ашууларында кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө

ӨКМ: Кыргызстандын ашууларында кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө

Сүрөт: ӨКМ

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратып, 6-8-ноябрь күндөрү Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкү түшүшү мүмкүндүгүн эскертти. 

Кар күрткүсү өлкөнүн тоолуу райондорунда жана Төө-Ашуу ашуусунда күтүлөт. Андан сырткары:

- Ала-Бел ашуусунун 198-231-чакырымында;

- Чычкан капчыгайында жүрүшү мүмкүн.

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Министрлик мындайда унаалардын ортосунда 500 мерт аралык сакталышы зарылдыгын эскертти. Эгерде кырсык болсо, жарандар 112 номерине байланышса болот. 

Автор: Бурханов Байэл > 28 макала