БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

ӨКМ: Бишкекте, Чүйдө катуу шамал күтүлүүдө

ӨКМ: Бишкекте, Чүйдө катуу шамал күтүлүүдө

28-марттагы катуу шамалдын кесепети

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) шашылыш билдирүү таратты. Жакынкы 3 саат аралыгында, кечинде Бишкекте жана Чүйдө ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы мүмкүн.

ӨКМ жарандарды катуу шамал учурунда коопсуз жайла болуусун эскертет. Андыктан көчөдөгү көрнөк-жарнактардын, бак-дарактардан, электр чубалгыларынан алыс болууга чакырат.

Эске салсак, 28-мартта Бишкек жана Чүйдө катуу шамал болуп, 26 адам жабыркаган. Алардын ичинен алтоо ооруканага жаткырылган. 

ӨКМ 150дөн ашык объект, турак-жай зыянга учураганын, бир топ бак-дарак кыйраганын, жалпысынан 10 киши жабыркап, 144 бак кулап, 13 унаа зыян тарткан, 101 объектинин, анын ичинде 37 социалдык, 54 турак үйдүн жана башка имараттардын чатыры бузулганын билдирип, Бишкекте жана Чүйдө өзгөчө кырдаал режими киргизилген. 5-апрелде өзгөчө кырдаал режими алынган эле.

Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары шамал бир нече турак үй менен имараттардын чатырларын учуруп, бак-дарактар кыйрап, автоунааларды басып калган видеолорду жарыялашкан. 

Автор: Болот кызы Зыягүл > 39 статей