БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

ӨКМ эскертет! Жаандан улам тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

ӨКМ эскертет! Жаандан улам тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

Сүрөт интернеттен алынды

 

13-октябрга чейин өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлүп, тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертти.

 

Аба ырайына байланыштуу төмөнкү аймактарда кооптуу табигый кырсыктар күтүлүшү ыктымал:

- Чүй облусунун Кемин, Аламүдүн, Сокулук, Москва, Жайыл жана Панфилов райондорунда;

- Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл, Түп;

- Нарын облусунун Кочкор, Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал;

- Талас облусунун Ч.Айтматов, Бакай-Ата, Манас, Талас райондорунда;

-  Жалал-Абад облусунун Чаткал, Ала-Бука, Сузак, Аксы, Ноокен, Базар-Коргон, Токтогул райондорунда жана Бишкек шаарында.

ӨКМ кооптуулук бар унаа жолдорунун да тизмесин жарыялаган:

- Бишкек – Ош  унаа жолунун 150-246 чакырымы;

- Кербен – Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолу:

- Бишкек – Балыкчы (Боом капчыгайы) унаа жолунун 112-138 чакырымындарына жолго чыгаарда сак болуңуздар. 

Өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурда жергиликтүү ӨКМ бөлүктөрүнө же “112” бирдиктүү  кызматына чалсаңыз болот. 

 

Автор: Бурханов Байэл > 12 статей