БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
ӨКМ: Ошто жер титиреди
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 9-декабрдын таңында Ош облусун Өзгөн районундагы айылдарда 3 балдык жер титирөө катталгандыгын билдирди.
Жер титирөө Өзгөн районунун Орказган, Канжыга, Ак-Терек, Жийде айылдарында үч балл, Салам-Алик, Кош-Этер айылдарында 2,5 баллга (Орказган айылынан 11 чакырым түштүк чыгышта, Ак-Терек айылынан 12 чакырым түндүк чыгышта, Жийде айылынан 15 чакырым түндүк чыгышта, Салам-Алик айылынан 19 чакырым түндүк батышта) чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.
Быйыл жыл башынан бери Бишкекте, Чүйдө, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында бир нече жолу күчү 3-4 баллды түзгөн жер силкинүү катталган.

Автор: Улукбек кызы Асем > 429 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat