БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

ӨКМ Нургожоеванын колун суроодо колдонулган учактын ижара акысын айтты

ӨКМ Нургожоеванын колун суроодо колдонулган учактын ижара акысын айтты

коллаж

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги президенттин карындашы Лаззат Нургожоеванын талкууга түшкөн видеосундагы тик учак боюнча 26-июнда түшүндүрмө берди. Маалыматта Афтандил Сабырбеков аттуу адам тик учакты пайдалануу үчүн министрлик менен бир саатка келишим түзгөн. Ал үчүн 157 миң 662 сом ижара төлөгөн. 

Министрлик мамлекеттик иштерден сырткары коммерциялык багытта да колдонулган үч тик учактын жана Сабырбековдун төлөгөндүгү тууралуу дүмүрчөгүнүн сүрөтүн жарыялады.

"Акысы төлөнгөн соң 24-июнда 56 мүнөт учушкан. Ал үчүн кассага Сабырбеков Афтандил 157 миң 662 сом төлөгөн. Учуу убактысы мүнөт, секунддарына чейин тик учакта сакталат", - деп жазылат билдирүүдө. 

Министрлик тик учактар учпай тура берсе, белгилүү бир мөөнөтү өтүп кеткенден кийин жараксыз болуп каларын белгиледи. Ал эми жеке жактарга жаңы тик учак сатып алуу же жыл сайын башка мамлекеттен техникалык көзөмөлдөн өткөрүү каражаттарын жабуу үчүн ижарага берилип жатканын кошумчалады.  

Жеке жактар келишим түзүү менен "Н -125 Airbus" тик учагын саатына 157 миң 662 сом, ал эми "Н - 145 Airbus" тик учагын саатына 262 миң 770 сом төлөп колдоно алышат. Тик учакты ижарага алууну каалагандар ӨКМге караштуу Авиациалык издеп-куткаруу мамлекеттик мекемесинин инстаграмм баракчасынан (aviameskg) маалымат алса болот.

24-июнда президенттин карындашы Лаззат Нургожоева жигити Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тик учагы менен келип колун сураган видеолорду социалдык түйүндөгү баракчасына жарыялаган. Окуя коомчулукта кызуу талкуу болуп, интернет колдонуучулар муну "ашыкча чыгым" деп сынга алышкан.

25-июнда мамлекет башчы Садыр Жапаров кайрылуу жасап, карындашы жаштык кылганын айтып, кыргыз элинен кечирим сураган

Президент буга чейин аткаминерлерди ысырапкорчулукка каршы күрөшүүдө элге үлгү болууга чакырып келген.  

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей