БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

ӨКМ: Төө-Ашуудагы жол тыгыны жөнгө салынууда

ӨКМ: Төө-Ашуудагы жол тыгыны жөнгө салынууда

Сүрөт: ӨКМ

16-октябрь саат 08:30га карата Төө-Ашууда жол тыгыны жөнгө салынып, унаалар Оштон Бишкекти көздөй гана өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 16-октябрда кабарлады. Ага чейин тыгында миңдей унаа турганы айтылган.

Маалыматка ылайык, 15-октябрдын кечинде Төө-Ашууга калыңдыгы 35-40 сантимер кар жааган. Министрлик оор жүк ташыган автоунаалар жолго жайкы дөңгөлөк менен чыгып алгандыктан унаа тыгыны пайда болгонун билдирди. Учурда жолду жакын арада эки тараптуу ачуу аракети жүрүүдө.

Жеринде министрликтин 66 куткаруучу у жана 14 техника иштеп жатат. "Арал" жана "Сосновка" өтмөгүндө жылынуу пункттары уюштурулган. Ошондой эле куткаруучулар жолдогу жарандарга ысык тамак таратууда.

Автор: Бурханов Байэл > 12 статей