БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

ӨКМ тик учагы Ноокатка учуп кетти. Видео

ӨКМ тик учагы Ноокатка учуп кетти. Видео

Сүрөт ӨКМ маалымат кызматынан алынды

Ноокатка селден жабыркаган элден кабар алуу жана куткаруу үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тик учагы баратат. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. 

Тик учак 28-июнда түштөн кийин жана 29-июнда таң эрте аба-ырайы бузулуп, ашууларды булут каптап жабылганына байланыштуу уча албай турган.

 

Буга чейин социалдык тармак колдонуучулары тик учактын кырсык болгон убакта барбаганын сындап жаткан. 

28-июнда Ош облусунун Ноокат районунда сел жүргөн. ӨКМ табигый кырсыкта каза болгон төрт адамдын сөөгү табылганын тастыктады. Дагы эки кишинин дайыны чыкпай жатат.

Селдин кесепетинен 33 турак үйдүн, бир бала бакчанын короосун сел каптап, анын ичинен жети турак үйдүн ичине сел кирген. Жолдор бузулуп көпүрө, унааларды агызган. Ноокаттагы Абшыр-Ата эс алуу жайында суунун аркы бетинде болжол менен 1300 адам, Кезарт жайлоосунда 150гө жакын жаран калганы айтылып, куткаруучулар жолдон 30 адамды табышкан.

Бүгүн, Абшыр-Ата эс алуу жайында 42 куткаруучу селден кийин калып кеткен жарандарды эвакуациялап жатат. Куткаруучулардын дагы 13ү Кезарт жайлоосуна чыгып кетишти. 

Саат 00:30да Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 64-чакырымы толугу менен ачылган.

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей