БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

ӨКМ: тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу бар

ӨКМ: тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Сүрөт интернеттен алынды

22-февралдан 25-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу аймактарда кар күрткүсү жана кар көчкү жүрүү күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. 


Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымдарында, Бишкек — Нарын —Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымдарында (Долон ашуусу), 353-357-чакырымдарында (Кызыл-Бел ашуусу), Казарман — Ак-Тал — Чат унаа жолунун 42-44, 60-94 чакырымдарында (Кара-Гоо ашуусу, Ийри-Суу тилкеси), Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу), Барскоон — Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68-чакырымдарында (Сөөк ашуусу)  кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

ӨКМ айдоочуларга унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоого чакырат.

Автор: Болот кызы Зыягүл > 39 статей