БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
ӨКМ: тоолуу жолдордо кар көчкү коркунучу бар
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 3-мартка чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда жана унаа жолдордо кар көчкү түшүүсү мүмкүн экенин эскертти.
Маалыматка ылайык, Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 55-115 чакырымында, Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 292-305 чакырымы (Долон ашуусу), 353-357 чак. (Кызыл-Бел ашуусу), Казарман – Ак-Тал – Чат унаа жолунун 42-44, 60-94 чакырымы (Кара-Гоо ашуусу, Ийри-Суу тилкеси), Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90 чакырымында (Чон-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүшү мүмкүн.
Министрлик жолдор тайгак болуп, муз тоңорун кошумчалады. Мындан улам унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл экенин да эскертти.
Автор: Т-Медиа > 384 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat