БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

ӨКМ туруксуз аба ырайынан улам сел, жер көчкү коркунучу бар аймактардын тизмесин жарыялады

ӨКМ туруксуз аба ырайынан улам сел, жер көчкү коркунучу бар аймактардын тизмесин жарыялады

Сүрөт: ӨКМ

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстан боюнча 5-8-ноябрь күндөрү күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына байланыштуу айрым райондордо сел жүрүү жана жер көчкү коркунучу бар экенин эскертет.

Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти сел жүрүү жана жер көчкү коркунучу бар жерлерди тизмектеди:

Чүй облусу: Чүй, Ысык-Ата, Аламүдүн, Сокулук, Москва, Жайыл, Кемин жана Панфилов райондору;

Ысык-Көл облусу: Ысык-Көл, Түп жана Тоң райондору;

Нарын облусу: Кочкор, Нарын, Ак-Талаа, Ат-Башы жана Жумгал райондору;

Талас облусу: Чынгыз Айтматов, Бакай-Ата, Манас жана Талас райондору;

Жалал-Абад облусу: Чаткал, Ала-Бука, Аксы, Ноокен, Токтогул, Базар-Коргон, Сузак жана Тогуз-Торо райондору;

Баткен облусу: Кадамжай, Баткен жана Лейлек райондору;

Ош облусу: Өзгөн, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Араван, Ноокат, Чоң-Алай жана Алай району.

Министрлик жарандарды жана айдоочуларды этият болууга жана коопсуздук чараларын сактоого чакырып, коопту кырдаалдар пайда болгон учурда жергиликтүү ӨКМ органдарына кайрылууну өтүнөт.

Автор: Улукбек кызы Асем > 428 макала