БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ысык-Көлдөгү сел 16 үйдү каптады

Ысык-Көлдөгү сел 16 үйдү каптады

Сүрөт интернеттен алынды

Ысык-Көлдө сел 16 үйдү каптап, бир ички чарбалык көпүрөнү алып кеткен. Бул тууралуу 12-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. 

Табигый кырсык Тогуз-Булак, Бактуу-Долоноту, Булан-Сөгөттү, Бостери айылдары менен Чолпон-Ата шаарында катталган. Селдин кесепетин жоюуга 120 адам тартылып, жеринде атайын техникалар иштеп жатат.  

11-августта Бактуу-Долоноту айылынан бир үй-бүлө коопсуз жайга убактылуу көчүрүлгөн. 

Расмий маалыматка ылайык, селдин көрсөткүчү өткөн жылга салыштырмалуу 86%га өскөн. Өлкөдө быйыл 20-апрелден 1-июлга чейин 200дөн ашык сел катталып, анын чыгымы 170 миллион сомдон ашкан. Соңку айларда суу ташкындан 19 адамдын өмүрү кыйылды. 

                                                                                                                                                                           

Автор: Осмонова Айдана > 618 статей