БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

ӨКМге атайын техникалар тапшырылды. Сүрөттөр

ӨКМге атайын техникалар тапшырылды. Сүрөттөр

Сүрөт: ӨКМ

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 31-январда Бишкекте Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 28 жаңы атайын техниканы тапшырды.  

Анын ону Беларустан алынган БЕЛАЗ-7540Б үлгүсүндөгү самосвал, төртөө медициналык унаа, төртөө өрт өчүрүүчү унаа, калгандары жер титирөөдө, жол кырсыгында, суу ташкында, дагы башка ушул сыяктуу табият кырсыктарында колдонула турган шаймандар. Бул техникалар үчүн Министрлер кабинети 35 млн сом бөлгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. 

"30 тонналык, татаал шарттарда иштөөгө ылайыкталган "БЕЛАЗ-7540В" үлгүсүндөгү он жүк ташуучу унаа, "Хюндай Старекс" үлгүсүндөгү он тез жардам унаасы, өзгөчө кырдаал жана кырсык болгон аймакта авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди аткарууга ылайыкталган "Тойота Хайлюкс" үлгүсүндөгү төрт пикап авариялык-куткаруу унаасы, беш тонна суу жана 500 литр көбүк бата турчу "ИСУЗУ" үлгүсүндөгү төрт өрт өчүрүүчү унаа берилди", -деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары кырсык болгон жерде түнкүсүн электр энергиясы жок шартта ыкчам куткаруу иштерин жүргүзүүгө ылайыкталган күн энергиясы, дизелдик күйүүчү май менен иштей турган жарык бергичтер (прожектор), кубаттуу бетон, темир кескичтер, өрт кырсыгында көп кабаттуу имараттарга чыгууда колдонуулучу  үч муунактуу тепкичтер, урандылардын астында куткаруу ишине керектелүүчү кол шайманы, "Халматро" гидравликалык авариялык-куткаруу шаймандарынын топтому алынган.

"Ири кырсыктын очогунда күнү-түнү авариялык-куткаруу ишин ыкчам жүргүзүп, куткаруучулардын талаа шартында жашоосу үчүн алынган үйлөнмө чатырлар керебеттер, ашкана буюмдары, көчмө жуунуучу жайлар, стол, стулдар, жылыткычтар менен жабдылган. Ага катар өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюудагы иш-аракеттерди башкаруудагы штабга керектелүүчү компьютердик техникалар, видеокамералар, спутниктик байланыш каражаттары, дрондор алынды. Ошондой эле тоо куткаруучулары үчүн атайы шаймандар менен да толукталды", -деди ӨКМ.

Министрликтин маалыматына караганда, акыркы үч жылда 700дөн ашуун техника алынган.

Автор: Бекназар Амирбеков 

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей