БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Өкмөт кыргыз-тажик чек арасы такталып бүткөнүн билдирди
Министрлер кабинети кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы такталып бүткөнүн билдирди. Бул тууралуу мекеменин расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка караганда, 4-декабрда Баткен шаарында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов жолугушкан. Анда алар макулдашууга жетишип, жумушчу топторго жыйынтыктоочу документтерди даярдоо боюнча тапшырмалар берилген. Министрлер кабинети кайсы тилкелер такталып, кандай чечилгенин боюнча маалымат жазган эмес.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырымды түзөт. 2002-жылдан 2020-жылдарга чейин чек аранын 519 чакырымы такталса, 2022-жылы эки өлкөнүн президенттери жолукканда жалпысынан 664 чакырым тилке боюнча орток пикир бар экенин ырасташкан.
Автор: Осмонова Айдана > 795 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat