БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Күн кармаган бала" спектакли Бакуда баш байгени багындырды

"Күн кармаган бала" спектакли Бакуда баш байгени багындырды

Сүрөт: "Маданият министрлиги"

Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театры Азербайжанда ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун эл аралык театр фестивалында баш байгени жеңип алды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.


 

Фестивалда  аталган театр  “Күн кармаган бала” спектаклин көрсөткөн. Аны кыргыз эл жазуучусу Султан Раевдин чыгармасынын негизинде жаш режиссер Уланмырза Карыпбаев койгон.

 

Бул ТҮРКСОЙ уюштурган алгачкы театр фестивалы. Экинчи иш-чара 2024-жылы Ашхабад шаарында өтөт.

 

Спектакль 2023-жылы Бишкекте өткөн "Арт-Ордо" IX эл аралык фестивалында баш байгени багындырган. 
Буга чейин аталган спектакль коомчулукта кызуу талкууга алынган.

 

Анда энеси баласын таштекке салып жуунтуп аткан учурда, жылаңач денеси артынан көрсөтүлгөн жери бар. 

 

Министр Алтынбек Максүтов спектаклге байланыштуу сындарга комментарий берип, коомчулукту көрүүгө чакырган.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей