БАШКЫ БЕТ > Экология

Күн панели суукта да иштей берет. Турак жайга кандайын коюу керек?

Күн панели суукта да иштей берет. Турак жайга кандайын коюу керек?

Жасалма интеллект тарткан сүрөт

"Турак жайга кандай күн панелдерин койсом болот? Ал суукта кантип иштейт?"

Биздин редакцияга мындай суроолор менен кайрылгандар көп болду. Мындан улам күн станцияларын орнотуунун пайдасы жана анын түрлөрү тууралуу айтып берүүнү чечтик.

Күн станцияларынан киреше тапса болот

Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик техникалык университети былтыр жыл соңунан тарта күндөн энергия алуучу станцияларды иштете баштаган. Окуу жайда 151 күн панели коюлуп, ал шаардагы электр тармактарына туташтырылган. Азыркы учурда өндүрүлгөн энергия сатылып жатат. Мындай жол менен университет киреше таап, бир жыл ичи көмүр кычкыл газынын абага бөлүнүшүн 58 тоннага кыскартты. 

Компаниялар гана эмес жөнөкөй жарандар жашаган турак жайына күн панелин кантип койсо болот? Аны кантип тандаш керек? Биз аталган окуу жайдын кайра жаралуучу энергия тармагындагы улук окутуучусу Алмаз Төлөмүшевден маалымат алдык. 

Адистин айтымында, энергияны күндөн алуу үчүн сөзсүз эле ысык аптап керек эмес. Башкача атканда "күн сууктаганда эмне кылам?" деп сарсанаа тартпаса да болот.

Күн чыкпаган убакта күн панелдери кантип иштейт?

Панелдин ишегенине күн нурлары эле керек. Түнкү маалда, анан кар басып калса гана күн нурлары жок болот. Нур болсо эле иштей берет. Күндүз түздөн-түз келген нур жок болсо, жарыктан деле иштей берет. Бирок жарык менен кубаттуулугу азаят. Канчалык суук болгону менен асман ачык болсо жакшы иштейт. Абанын температурасы канчалык төмөн болсо, ошончолук жакшы иштейт.

Күн панелинин кандай түрлөрү бар? Алардын кайсынысы турак жайларга ылайыктуу? 

Поликристалл, поликристаллдык кремнийден, монокристаллдан, кремнийден жасалган панелдер бар. Эң арзаны аморфтук. Анын иштөө мөөнөтү да аз. Андан да арзаныраагы поликристаллдык кремнийден жасалганы болот. Ал көп эле иштеп берет. Эң кымбаты монокристалл кремний. Автономдук түрлөрү да бар. Андан электр энергиясын каалаган керек убакта ала алабыз. Биздин университетте болсо тармактык электр станция иштеп жатат. Алардын айырмасы - тармактык электр станция өндүрүлгөн энергияны дароо (ред-шаардык) электр тармакка өткөрүп берет. Автономдук күн системалары болсо аккумулятор менен да иштешет. Алардын түзүлүшүндө аккумулятору бар. Күндүз өндүрүлгөн энергия ага топтолот. Анан ошол аккумулятордо сакталган электр энергияны кийин колдоно алабыз.

Чыгашасы кандай?

Бир үйгө канча сомго коюлушун айтыш кыйын. Анткени ошол турак жайга канча электр энергия керек? Күн сайын канча сарптайт? Ошонун баарын изилдеп, эсептеп чыгыш керек. Тармактык электр станциялары арзаныраак, автономдуктар кымбатыраак түшөт. Анткени аккумлятор кымбат болот.

Күн системасын орнотууну каалагандар адистерди кайдан тапса болот?

Кыргызстанда бул боюнча адистер бар. Аларды интернет аркылуу тапсаңар болот. Тапканда "буга чейин кандай объекттерди ишке киргиздиңер?" деп маалымат алыш керек. Толук кандуу үйдө эмнелерди иштетет, кандай электр буюмдарды колдонот, аны канча колдонот баарын айтып берсе адистер ал кишиге кандай кубаттуулуктагы станция керек экенин эсептеп берет. Шаарда 2-3 мекеме бар. Алар күн панелдерин өндүрүп чыгат. Ошондой ишканалар менен да байланышып койдурса болот. Күндөн-күнгө панелдердин баасы төмөндөп жатат. Аларга кепилдик мөөнөтү 20-25 жылдан өйдө болот.

Күн - энергиянын кайра жаралуучу булактарына кирет. Күндүн энергиясын колдонуп, үйдү жылууласа, муздатса, табигый жарык, электр жана отун менен камсыздаса болот. Энергияны мындай булактардан өндүрүү дээрлик парник газдарын чыгарбайт. Ал эми парник газдарынын бөлүнүүсүн азайтуу климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө маанилүү. Мисалы, Кыргызстан Бириккен улуттар уюму менен бул таракта кызматташып, түрдүү конвенцияларга кошулган. Азыр Париж келишиминин негизинде эл аралык колдоо болсо, 2030-жылга чейин парник газынын бөлүнүшүн 44%га азайтууну көздөп жатат. Демек, мындайда күн, шамал өңдүү электр энергиясын иштеп  зыяндуу газдарды абага таратпастан өндүрө алган булактарга өтүү да маанилүү кадамдардын бири.

Кайра жаралуучу энергия булактар керектелгенден көбүрөөк ченде тездик менен өзү кайра толукталып турат. Ал эми казылып алынган отундар — көмүр, мунай жана газ түгөнсө, алардын кайра пайда болушу үчүн жүздөгөн, миллиондогон жылдар талап кылынат. Алардан көмүр кычкыл газы сыяктуу зыяндуу парник газдары бөлүнүп чыгат. 

 

Автор: Анарбаева Наргиза > 175 макала