БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

ЖК "Чет элдик өкүл" мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алды

ЖК "Чет элдик өкүл" мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алды

Интернеттен алынды

Жогорку Кеңеш 22-февралдагы жыйынында "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алды. Документке 77 депутат "макул" деп добуш берди. Бешөө - Дастан Бекешев, Чыңгыз Айдарбеков, Сеидбек Атамбаев, Эрулан Көкүлов жана Элвира Сурабалдиева каршы чыкты. 

Башта Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушу берилип, "Коммерциялык эмес уюм мыйзамсыз иш-аракет жүргүзгөн" деп табылып, шектүүнүн күнөөсү далилденсе, беш жылдан 10 жылга чейин эркиндигинен ажыратуу каралган. Кийин ал үч жылдан беш жылга чейин кыскартылган.

20-февралда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинде  каралып, кылмыш жоопкерчилигине тартуу беренеси толук алынып салынган. 

Мыйзам долбоорун депутат Надира Нарматова жазып, 2022-жылдын ноябрында коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке кийин 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин бир нече депутат баш тарткан.

Документке ылайык, чет өлкөдөн каржыланган жана Кыргызстанда саясий ишмердик менен алектенген жергиликтүү бейөкмөт уюмдар "чет элдик тыңчынын ишин аткаруучу" деп таанылат жана тиешелүү реестрге катталат. Каттоодон өтпөгөн уюмдардын ишмердиги алты айга чейин токтотулат.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей